Ошто унаа бекети жаңыланды

Ошто унаа бекети жаңыланды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жаңыланган унаа бекетине барып, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа бекетин жаңылоо иштери шаар тургундарынын жана жүргүнчүлөрдүн суроо-талабына ылайык жүргүзүлүп, алардын ыңгайлуулугуна жараша зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.

Аткарылган иштердин алкагында имараттын ички бөлүктөрү жаңыланып, жүргүнчүлөр үчүн күтүү залдары, убактылуу жатакана, кийим-кече сатуучу дүкөн, санитардык түйүндөр курулду.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз?

Мындан тышкары окуңуз

Тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар 18,2 млрд сомго өстү

Тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар 18,2 млрд сомго өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында тоо-кен казып алуу ишканалары төккөн салык жана төлөмдөрдүн көлөмү 46,5 млрд сомду түздү. Маалыматка ылайык, аталган каражат 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көп. Былтыркы алты айда тоо-кен тармагынан түшкөн төлөмдөрдүн көлөмү 28,3 млрд сомду түзгөн. Ошондой

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Өзбекстан өнөр жай аймактарын түзүү боюнча кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Ташкент шаарынын Өнөр жай аймактарын башкаруу дирекциясынын директору Икромжон Усманов кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ инвестицияларды тартуу, өнөр жай аймактарын түзүү жана башкаруу жаатындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга багытталган. Мындан сырткары, эки өлкө ортосунда бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды

Бишкекте калктын көгүлтүр отко өтүүсү көмүрдү керектөөнү 100 миң тоннага кыскартты

Бишкекте калктын көгүлтүр отко өтүүсү көмүрдү керектөөнү 100 миң тоннага кыскартты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты ай ичинде аткарган иштери талданып жатат. Коллегиянын жүрүшүндө абанын сапатын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге өзгөчө көңүл

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 6% өстү

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 6% өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен өз ара соода жүгүртүүсү 2 млрд 421,5 млн $ түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6% өстү. Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына ылайык, ушул эле мезгилде өлкөнүн жалпы тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсү 6 млрд 257