Балыкчыдагы 6,4 чакырымдык айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Балыкчыдагы 6,4 чакырымдык айланма жолдун курулушу кызуу жүрүүдө

Балыкчы шаарында узундугу 6,4 чакырымды түзгөн айланма унаа жолунун курулушу уланууда. Долбоордун курулуш иштери 2026-жылдын апрель айында башталган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкелүү болуп, үч айланма кесилиш, темир жол аркылуу өтүүчү көпүрө, 12 суу өткөрүүчү түтүк, туурасы 4,5 метр болгон велосипед жолу жана автоунаа токтотуучу жай курулат.

Жаңы жол пайдаланууга берилгенден кийин шаардын борборундагы транзиттик унаалардын агымы азайып, жол кыймылынын коопсуздугу жакшырып, жол жүрүү убактысы кыскарат. Ошондой эле аймактар аралык транспорттук байланыштын жакшырышына шарт түзүлөт.

Учурда курулуш аянтында 34 даана атайын техника тартылып, 60 адис эмгектенүүдө.

Долбоордун курулушу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media
Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп,

Ишкер Media
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media