Бишкек – Ташкект – Бишкек авиакаттамы ишке кирет

Бишкек – Ташкект – Бишкек авиакаттамы ишке кирет

23-августтан тарта “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек –Ташкент – Бишкек багыты боюнча жаңы туруктуу эл аралык авиакаттамды ишке киргизет. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына эки жолу бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылып, Кыргызстан менен Өзбекстандын борбор калааларынын ортосунда ыңгайлуу жана үзгүлтүксүз аба байланышын камсыздайт.

Авиакомпаниянын маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү Бишкек – Ташкент багыты менен гана чектелбейт. Буга чейин “Аэро Номад Эйрлайнс” авиакомпаниясынын жетекчилиги Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин делегациясы менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы каттамдардын географиясын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган.

Учурда төмөнкү жаңы багыттарды ачуу каралууда:

Бишкек – Самарканд – Бишкек;

Бишкек – Үргөнч – Бишкек.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик алмашууну кеңейтүүгө, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы ишкердик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты жана өз ара туристтик потенциалды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media
Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп,

Ишкер Media
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media