Бишкекте унаа айдоого чектөө киргизүү сунушталууда

Бишкекте унаа айдоого чектөө киргизүү сунушталууда

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын жол тыгыны эң көп болгон аймактарында коомдук транспортту өнүктүрүүгө артыкчылык берүүнү жана жеке унааларды колдонуунун мындан ары көбөйүшүн чектөөнү сунуштайт.

"Бишкек шаарынын жол-транспорттук системасын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте борбор калаанын жол-транспорттук системасын өнүктүрүү жана жол тыгындарын азайтуу боюнча иш-аракеттерди координациялоо максатында мекемелер аралык жумушчу топту түзүү сунушталууда. Бул жумушчу топту Бишкек шаарынын мэри жетектөөсү каралган. 

Штаб 2026–2030-жылдарга карата жол тармагын өнүктүрүүнү, акылдуу транспорттук системаларды ишке киргизүүнү, жол кыймылын башкарууну оптималдаштырууну, коомдук транспортту өнүктүрүүнү, инфраструктуралык объекттерди курууну жана транспорт агымдарын жөнгө салууну камтыган комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгышы керек. 
Түшүндүрмө катта айтылгандай, транспорт каражаттарынын санынын өсүшү, Чүй облусунан каттагандардын көбөйүшү жана шаар аймагынын кеңейишине байланыштуу Бишкектеги жол кыймылынын абалы татаалдашты. 

Шаардык мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаада 400 миңден ашык унаа катталган, бирок транспорт системасы башында болжол менен 50 миң унаага ылайыкталып долбоорлонгон. Ошол эле учурда, жолдорду кеңейтүү мүмкүнчүлүгү шаардын тыгыз курулушу, жер тилкелерин алуунун жогорку баасы жана инженердик коммуникацияларды башка жерге көчүрүү зарылчылыгы менен чектелүүдө.Бул долбоорго байланыштуу, борбор калаанын жол кыймылы эң тыгын болгон аймактарында коомдук транспортту өнүктүрүүгө артыкчылык берүү жана жеке унааларды колдонуунун мындан ары өсүшүн чектөө сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media