“Каракол” аба майданында жакынкы күндөрү эл аралык каттам аткарылып баштайт

“Каракол” аба майданында жакынкы күндөрү эл аралык каттам аткарылып баштайт

“Каракол” эл аралык аба майданында көчмө жумушчу кеңешме өткөрүлүп, анда өлкө үчүн маанилүү инфратүзүмдүк долбоорлордун бири болгон учуу-конуу тилкесин узартуу иштеринин жүрүшү менен таанышуу болду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулуш иштери 95% аткарылды. Учуу-конуу тилкесин узартуу боюнча негизги иштер дээрлик аяктады. Учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, аларды техникалык ишке киргизүү, жөнгө салуу жана буга чейин колдонулуп келген учуу-конуу тилкесинин иштеп жаткан системасы менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул  аба майданын жаңы форматта иштетүүгө даярдоонун акыркы баскычтарынын бири болуп саналат. Бардык ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштери аяктагандан кийин, аба майданы аба кемелерин күнү-түнү кабыл алып, жөнөтө алат. Бул анын эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.

Август айынын ортосунда “Каракол” аба майданына алгачкы техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media
МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

МинКаб 2027-жылдын бюджет долбоорун карады

Министрлер кабинетинин жыйынында "2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет" тууралуу мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдары экономика 47% өскөнүн, 2025-жылы ИДП 11,1%, ал эми 2026-жылдын 8 айында 11% түзгөнүн белгиледи.

Ишкер Media
Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Бишкекте 35 метр тереңдикте инженердик изилдөө жүрүүдө

Инженердик изилдөөлөр департаменти Бөкөнбаев көчөсү 137 дарегиндеги 14 кабаттуу административдик комплекс курула турган аянтта геологиялык изилдөө жасады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, адистер 35 метр тереңдикте бургулоо жүргүзүп, топурак үлгүлөрүн алышты. Лабораторияда топурактын физикалык-механикалык касиеттери аныкталып, бул маалыматтар имараттын долбоорун даярдоодо жана коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат. Инженердик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын соода өкүлү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Маалымдалгандай, Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын достук мамилелери жана соңку жылдардагы кызматташтыктын активдешүүсүн белгиледи. Жолугушууда экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, биргелешкен долбоорлор, финансы жана билим

Ишкер Media