Киев көчөсүнүн эки тилкесинде жол кыймылы жарым-жартылай чектелет

Киев көчөсүнүн эки тилкесинде жол кыймылы жарым-жартылай чектелет

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кийинки этаптын алкагында 30-июлдан тарта Киев көчөсүнүн Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы, ошондой эле Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкелеринде жылуулук тармактарын алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Анын алкагында Абдрахманов менен Шопоков көчөлөрүнүн ортосунда диаметри 159 мм болгон түтүктөр, ал эми Шопоков менен Ибраимов көчөлөрүнүн ортосунда диаметри 219 мм болгон түтүктөр жаңыланат.

Оңдоо иштерине байланыштуу 30-июлдан тартып аталган тилкелерде транспорттун кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана конокторун каттамдарын алдын ала пландаштырып, убактылуу жол чектөөлөрүн эске алууга чакырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды