Учак билетинин баасы кымбаттайт
Күйүүчү майдын баасы 32%га кымбаттаганы авиакаттамдардын наркына таасирин тийгизди.
“Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын маалыматына ылайык, тарифтердин өзгөртүлүшү Кыргызстандагы авиациялык күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө байланыштуу.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын баасы 32 %га кымбаттап, бул авиаташуулардын өздүк наркына таасирин тийгизген.
Бир тарапка учуу үчүн жаңы тарифтер төмөнкүдөй болот:
Бишкек – Ош багыты боюнча – 4100 сомдон 6 миң 500 сомго чейин;
Бишкек – Манас багыты боюнча – 4100 сомдон 5 000 сомго чейин.
Билеттин акыркы баасы аны сатып алган күнгө, каттамдын толушуна жана тиешелүү тарифтик класста орундардын бар-жогуна жараша аныкталат.