Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көлдө дагы бир эс алуу жайына алып баруучу жол жаңыланды

Ысык-Көл облусундагы "Чайка" эс алуу жайына алып баруучу жол мамлекеттик бюджеттин эсебинен толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолго жаңы асфальт төшөлүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду. Ошондой эле сырткы жарыктандыруу системасы толугу менен орнотулуп, пайдаланууга берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоор Президенттин колдоосу менен ишке ашырылып, аймактын жол инфраструктурасын жакшыртууга жана эс алуучулар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты

Кыргызстанда банктардын кредит портфели 658,7 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды