Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунда курулуш иштери уланууда

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0–141,6-чакырым аралыгындагы курулуш иштери тынымсыз уланууда.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда аталган жолдун 0–141,6-чакырым бөлүгүндө 5 башкы подрядчы жана 10дон ашык субподрядчы компания тарабынан курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата биринчи катмар асфальт-бетон төшөө иштери 125,620 чакырымда аткарылып, жалпы көлөмдүн 89%ын түздү. 

Курулуш иштерине жалпысынан 978 жумушчу жана 402 даана атайын техника тартылган. Ошондой эле объектте 7 асфальт-бетон заводу жана 13 таш майдалоочу завод үзгүлтүксүз иш алып барууда.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Аялдамадагы даракка зыян келтирген ижарачыга Бишкек мэриясы чара көрдү

Аялдамадагы даракка зыян келтирген ижарачыга Бишкек мэриясы чара көрдү

Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектиси менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги аялдамада жайгашкан даракка зыян келтирүү фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган жер тилкеси ижарага берилген. Ижарачы пандус куруу иштерин жүргүзүп жаткан учурда даракка зыян келтирген. Учурда дарактын түбү бетондон тазаланып, аялдама аймагын талапка ылайык келтирүү боюнча иштер

Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшүн жеринен текшерди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштердин абалы каралды. Мындан тышкары, “Чыңгыз Ааламы” жана “Манас-

Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактары таштандылардан тазаланды

Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактары таштандылардан тазаланды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага "Ак-Моюн" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жана туризм тармагында иш алып барган жарандар катышып, аймак таштандылардан тазаланды. Көл-

Улуттук банк Бишкектеги 4 алмашуу бюросуна айып пул салды

Улуттук банк Бишкектеги 4 алмашуу бюросуна айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы төрт алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Улуттук банктын алмашуу бюролорунун 2026-жылдын 5-августуна карата абалы боюнча реестрине