Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолу курулууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң унаа жолунун курулушунда иштер жүрүп жатат. Жалпы узундугу 14,5 чакырымды түзгөн жол Ала-Резорт тоо лыжа базасына алып барат. Учурда жолду асфальттоого даярдоо максатында жер жумуштары жүргүзүлүп, курулуш иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө туристтик аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жана Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин көзөмөлүндө бир катар курорттук жана туристтик аймактарга баруучу жолдордо курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин Кырчын жайлоосуна баруучу 35,5 чакырым жол толугу менен асфальтталган. Ошондой эле учурда Арашан – Чуңкурчак унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө.

Мындан тышкары, өлкөнүн башка туристтик аймактарына баруучу жолдордо да курулуш жана оңдоо иштери бекитилген планга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

“Мадина” базарындагы өрттөн кийинки чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкек шаарынын мэриясы “Мадина” базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу, учурда өрттүн келип чыгуу жагдайларын жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканын билдирди. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, келтирилген чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда

Ишкер Media
Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Орусиянын Жогорку соттору кызматташууну күчөтөт

Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевдин чакыруусу менен Орусиянын Жогорку Сотунун төрагасы Игорь Краснов Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жогорку даражалуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Медербек Сатыев тосуп алды. Тосуп алууга ошондой эле төраганын орун басары Шералы Камчыбеков, кеңешчи Руслан

Ишкер Media
РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң  $ ашык каражат салат

РКӨФ изоляциялык материалдарды өндүрүүгө 800 миң $ ашык каражат салат

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду Кыргызстанда заманбап изоляциялык жана полимердик материалдарды өндүрүүнү кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү. Долбоордун биринчи этабын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачкан. Экинчи этаптын алкагында РКӨФ - 800 миң $ ашык инвестиция салат. Долбоорго жалпы инвестициянын көлөмү

Ишкер Media
Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Садыр Жапаров Лос-Анжелеске келди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Американын Лос-Анжелес шаарына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын максаты - Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышуу. Спутник SpaceX компаниясынын ракетасы менен орбитага чыгарылат. Мамлекет башчысын аэропорттон SpaceXтин глобалдык өнүгүү боюнча директору Ребекка Хантер тосуп алды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media