Кант – АБЗ жолу убактылуу жабылды

Кант – АБЗ жолу убактылуу жабылды

Кант – АБЗ унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.  

Жол тилкесинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн.Министрлик айыл тургундарынан жана айдоочулардан түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылынын коопсуздугун сактоону өтүнөт. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жогорку Кеңештин депутаты дүйнө чемпиондугунда коло байге тагынды

Түп районунда 275 орундуу мектеп курулууда

Өлкө канча электр энергиясын керектейт?

Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылдык чектөө киргизилди

Өлкөгө ак кантты ташып киргизүүгө 6 айлык тыюу салынды