Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Таластагы жолдордун курулушу текшерилди

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол объектилериндеги иштердин жүрүшүн жеринен текшерди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорунда аткарылып жаткан иштердин абалы каралды.

Мындан тышкары, “Чыңгыз Ааламы” жана “Манас-Ордо”тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдорго көңүл бурулду. Тактап айтканда, “Чыңгыз Ааламы” комплексине кирүүчү жол, ошондой эле “Манас-Ордо” комплексинин кирме жана айланма жолдорунун курулушу текшерилди.

Ошондой эле Кировка – Гребень – Плотина унаа жолундагы иштердин жүрүшү каралып, аткарылып жаткан иштердин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча маалыматтар берилди.
Жыйынтыгында министрдин орун басары жооптуу кызматкерлерге жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө иштердин сапатын камсыз кылуу, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо жана пландагы иштерди өз убагында аяктоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлик жол объектилериндеги иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттө аякташына көзөмөлдү улантат.

 

Мындан тышкары окуңуз

Милицияга пара берген жаран кармалды

Милицияга пара берген жаран кармалды

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жаран шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин                   345-беренесинин (Пара

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкекте газ өткөргүчүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу 17-19-август күндөрү айрым аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ Чоң Чүй каналы, Ала-Арча айылы, Лев Толстой, Болот Алыкулов, Киров, Фрунзе, Дэн Сяопин, Патрис Лумумба, Фучик жана Жамгырчинов көчөлөрү менен чектелген аймактарда

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Тоңдогу балык өстүрүү борборунун курулушу аяктоо алдында

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин жетекчилиги Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны расмий ачууга даярдык

Кант – АБЗ жолу убактылуу жабылды

Кант – АБЗ жолу убактылуу жабылды

Кант – АБЗ унаа жолунун 1–6-чакырым аралыгында жол куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелди.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, оор жүк ташуучу жана жеңил унаалар үчүн Кант шаарына өтүүчү айланма жол ачылды. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, көрсөтүлгөн айланма жол аркылуу жүрүү сунушталат.   Жол тилкесинде