Коом
Агродиалог-2026: өлкөнүн мыкты дыйкандары жана малчылары тандалат
Жыл сайын уюштурулуп келген Агродиалог форуму 2026-жылы да план боюнча өтөт. Бул ирет форумга өлкөнүн бардык аймактарынан өзгөчөлөнгөн 40 чемпион тандалмакчы: алардын 20сы өсүмдүк өстүрүү, 20сы мал чарбачылыгы багытында болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Форумдун негизги максаты – дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиштер, жашылчалар жана мал чарбачылыгы тармактарында тажрыйба