ӨКМ Испаниянын Airbus-C295 учагын кредитке сатып алууну ниеттенүүдө
22-февралда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Испаниянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегрону кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда министр Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаал болгон аймактарга куткаруучуларды жана куткарууга тиешелүү шаймандарды ыкчам жеткирүү, өзгөчө авиациялык издеп-куткаруу иштеринде колдонуу