Энергосистема керектөөлөргө туруштук бере албай жатат - маал-маалы менен свет өчөт
Электр тармактар ишканалары мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр тууралуу абоненттерге маалымат берет. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКтын маалымат кызматы кабарлады. Мекеме катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулаганын айтат. “Буга байланыштуу электр жабдууларга күч келүүдө. Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун