«Центерра Голддун» акционерлери «Кумтөрдү» акцияларга алмаштыруу боюнча резолюцияны жактырышты
Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери 25-июлда өткөн акционерлердин кезексиз жыйынында “Кумтөр” долбоору боюнча Кыргызстан менен келишим түзүү резолюциясын көпчүлүк добуш менен жактырышты. Бул тууралуу компаниянын пресс-релизинде айтылат. «Кабыл алынган резолюцияда бүтүмдөрдүн айрым аспектилерин ишке ашырууга алып келе турган келишимдердин сунушталган планы бекитилди», — деп айтылат билдирүүдө.