Күчөгөн туристтик мезгилде Арсланбобго баруучу жолду оңдоо башталды
Жыл сайын 100 миң турист келген Арсланбобго баруучу жол быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Быйылкы жылы Арсланбоб – Базар-Коргон жолунун 50 чакырымынын 5 чакырымы оңдолот. Бул үчүн Транспорт министрлиги 36 млн сом бөлгөн. «Учурда аймактын борборунан Гумкана айыл аймагына чейин иштер жүрүп жатат, жолду «Абий Нур» ЖЧКсы жасап