Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала маршруту аталды
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Торугарт – Макмал – Жалал-Абад аркылуу курулушу мүмкүн. Мындай алдын ала маршрутту бүгүн, 28-июнда, Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев министрлер кабинетинин жыйынында көрсөттү. Анын айтымында, долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемеси ушул жылдын декабрь айына чейин иштелип бүтөт. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору