Улуу Британия менен кош салыкты болтурбоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды
Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 16-февральда Кыргызстан, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салыкты болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Келишим ошондой эле кирешелерден жана капиталдык кирешелерден салык төлөөдөн качууну алдын алууга багытталган. Аталган мыйзам долбоору киреше