Мигранттардын Орусияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды
Россиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясынын айынан чет элдиктерди Россия Федерациясынан чыгарууга мораторийди узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду, бул айрыкча эмгек мигранттарына тиешелүү. Пандемия учурунда Россияда мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү аяктаган чет элдик жарандар 30-сентябрга чейин чыгарылбайт. Ал убакка чейин алар укуктук статусун жөнгө салуу жөнүндө арыз менен полицияга кайрыла