Баалардын өсүшү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө байкалууда
Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча, 2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, КРда баалардын өсүшү 0,4 пайыз болуп белгиленди. 2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 пайыз) Казахстан Республикасында катталган,