Транспортторду каттоо боюнча жаңы тарифтер бекитилди

Транспортторду каттоо боюнча жаңы тарифтер бекитилди

Антимонополдук жөнгө салуу кызматы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин акылуу кызматтарына жаңы тарифтерди бекитти. 

Докумкентке ылайык мамлекеттик номердик белгилерди даярдоо баасы 328 сомдон 450 сомго жогорулатылды.

Жаңыланган прейскурантта мындан сырткары башка кызматтардын баалары да келтирилген. Алар: 

*транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо; 

*айдоочулук күбөлүк берүү;

*автоунааларды жана өзү жүрүүчү унааларды кароо;

Транспорт каражаттары жана айдоочулук күбөлүк тууралуу маалыматтарды бышыктоо. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Ошто тез жардам борборунун жаңы имараты курула баштады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанар Акаев 94 жыл мурда курулган тез жардам борборунун имаратындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, жаңы тез жардам борбору бардык заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу имарат болот. Анда медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Ишкерлерди колдоого багытталган жаңы кадамдар талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Тараптар чакан жана орто ишкерликти

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн: