Бизнес маек
Бексултан КОНОЕВ: “Беш манты” тамактануучу жайын дүйнөлүк брендге айландырабыз”
Бир тууган бөлөлөр Бексултан Коноев менен Мырзабек уулу Айбек Кыргызстандын бренди, франшизасы болуп калган “Беш манты” коомдук тамактануучу жайларын негиздеген ишкерлер. Бул бизнести жаңыдан баштап жатканда эле “Беш мантыны” Америкага чейин ачабыз деген аруу кыялдары ишке ашып, 6 жыл ичинде бул тамактануу жайдын филиалдарынын жалпы саны 23кө жетип, анын үчөөсү