Арашан – Чуңкурчак жолуна 400 метр бир тараптуу асфальт төшөлдү

Арашан – Чуңкурчак жолуна  400 метр бир тараптуу асфальт төшөлдү

Кечээ, 13-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Арашан – Чуңкурчак жолунун курулуш иштерин текшерип барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда жолдун 3-22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү жана жер жумуштары жүрүп жатат. Мындан тышкары, 46 суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, 2 көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланууда.

9+600-чакырымында 400 метр бир тараптуу асфальт төшөлдү. Башка тилкелерде жолдун негизи катмары жасалып, асфальт төшөө иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

Министр ошондой эле, аталган жолдун 2-чакырымында жайгашкан асфальт-бетон заводдун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Завод саатына 160 тонна материал чыгарууда. Сыргабаев жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугушуп, иш ыргагын ыкчамдатуу тапшырмасын койду.

Жол салуу иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Арашан–Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ болгон негизги каттамдардын бири. Аталган жол тоо-лыжа базага жана аймактагы эс алуу жайларга алып барат. Жолдун курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media