Бишкекте жол тыгындарын азайтуу боюнча ачык диалог өттү

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу боюнча ачык диалог өттү

Кечээ, Бишкек шаарындагы ДЕПО-2 аймагында борбор калаадагы транспорттук кырдаалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган алгачкы ачык эксперттик жолугушуу — Жол боюнча кеңеш өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — шаар ичиндеги жолдорду коопсуз жана ыңгайлуу кылууга багытталган практикалык чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.

Кеңеш ачык диалог форматында өтүп, ага окумуштуулар, шаарды пландаштыруу боюнча эксперттер, коомдук активисттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууну Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ачып, Жол боюнча кеңеш — бул шаар тургундары менен бийликтин өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы форматы экенин баса белгиледи.

«Бул жөн гана кезектеги жыйын эмес, бул – ачык диалог үчүн жаңы аянтча. Биз сындагандар менен да түз сүйлөшүүгө даярбыз. Анткени биз дал ошол тургундар үчүн иштеп жатабыз. Бир күндө бардык маселелерди чече албасыбыз түшүнүктүү, бирок тургундардын сунуштарын угууга жана аларды чогуу ишке ашырууга даярбыз», — деди шаар башчысы.

Мэр ошондой эле мындай форматтагы жолугушуулар мындан ары да туруктуу негизде өткөрүлөрүн, алар борбордун транспорттук системасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media