Коом
Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды
Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган.