Коом
Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда
Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду