Коом
Бишкектеги спорт арена капиталдык оңдоодон кийин кайра эшигин ачты
Бишкек шаарында капиталдык реконструкциядан кийин заманбап форматта жаңыртылган спорт аренасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров катышып, аренага «Жаштык арена» деген жаңы ат берүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул аталыш жаштык, энергия жана өнүгүүгө умтулуу духун чагылдырат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Мурунку Дөлөн Өмүрзаков атындагы арена толук реконструкцияланып,