Былтыр импорттолгон жүктөрдөн 112 мыйзам бузуу фактысы катталган

Былтыр импорттолгон жүктөрдөн 112 мыйзам бузуу фактысы катталган

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пункттарында импорттолгон жүктөрдү текшерүү учурунда 112 мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү артка кайтаруу актылары түзүлдү. Аныкталган мыйзам бузуу фактылары төмөнкү мамлекеттерге тиешелүү болду:

  • Казакстан – 48 акт
  • Өзбекстан – 51 акт
  • Орусия Федерациясы – 8 акт
  • Пакистан – 1 акт
  • Кытай Эл Республикасы (КЭР/КНР) – 3 акт
  • Түркия – 1 акт
Мыйзам бузуу фактылары негизинен ветеринардык коштоочу документтердин талаптарга жооп бербеши, жүктөрдүн коопсуздук талаптарын сактабагандыгы жана ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу.

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктары тарабынан кооптуу продукциянын өлкөгө киришине жол бербөө максатында текшерүү иш-чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүүдө, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Карызы бар жүк ташуучу унаалар Орусиядагы акы төлөнүүчү жолдордон өтө албайт

Мамлекеттик бажы кызматы эл аралык ташууларды жүргүзгөн ата мекендик ташуучуларга Орусиянын акы төлөнүүчү унаа жолдорунун жаңы талаптары тууралуу эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тартып Орусиянын бажы органдары транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номери боюнча төлөм жүргүзгөнүн маалыматтык тутумдар аркылуу текшерет. Эгер төлөнбөгөн карыз аныкталса, система транспорт каражатынын мындан ары жүрүүсүнө тыюу

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык кызматтар жакшыртылат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги майыптыгы бар адамдарга медициналык реабилитациялык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Ведомствонун маалыматына ылайык, күн мурун эмгек министри К. Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Д. Осмонов жолугуп, майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоону уюштуруу жана учурдагы механизмдерди өркүндөтүү маселелерин карашты. Негизги көңүл майыптык

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Оштогу токсикологиялык лаборатория эл аралык аккредитациядан өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясы эл аралык ISO/IEC стандартынын талаптарына ылайыктыгын баалоодон ийгиликтүү өтүп, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк алды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, аккредитация лаборатория

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

VIN-коду өзгөртүлгөн жүк ташуучу унаадан 1,7 млн сом өндүрүлдү

"Түндүк-Чыгыш" бажысынын кызматкерлери "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга киргизилген Foton Auman Daimler үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номери өзгөртүлгөнүн аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Текшерүүдө унаанын документте көрсөтүлгөн чыгарылган жылы менен иш жүзүндөгү маалыматтары дал келбегени белгилүү болгон. Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык,