Бизнес
Бишкекте Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси өтүүдө
Бишкек шаарынын Эски аянтында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси өтүп жатат. Жарманке үч күнгө пландаштырылып, 9-ноябрга чейин уланат. Иш-чара Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду. Жарандар жана шаар коноктору жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын продукциялары менен таанышып,