Транспорт
Яндекс Такси: Жүргүнчүлөр менен айдоочулардын коопсуздугу 800 миң сомго чейин камсыздандырылат
Яндекс Такси сервисинде жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын өмүрү менен саламаттыгы 800 миң сомго чейин камсыздандырылат. Бул тууралуу “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди. “Биз баарынан мурда коопсуздук маселесине абдан олуттуу мамиле жасайбыз. Мисалы, такси кызматындагы коопсуздук боюнча: айдоочулардын бардыгы тиркеме аркылуу сөзсүз курстан өтүшөт. Бул курста тиркемени колдонуу, жол коопсуздук