Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент айылдардагы маданият үйлөрүн курууга ашыкпай турууну суранды

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда IV Элдик курултайда айылдарда Маданият үйлөрүн курууга ашыкпоого чакырып, анын себебин алар иштебей, бош туруп калып жатканы менен түшүндүрдү.

Президенттин айтымында, Маданият үйлөрүн кармоо да кошумча чыгымдарды талап кылат. Мисал катары ал өзүнүн туулган Кең-Суу айылындагы Маданият үйүн келтирди.

"Аны эч ким колдонбойт. Болгону кээде гана артисттер келип, концерт коюп кетишет", — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаровдун пикиринде, Маданият үйлөрүн райондордо куруу же оңдоо зарыл. Ошондой эле ал мектептерде ири акты залдары курулуп жатканын белгилеп, бул азыркы шартта алда канча зарыл экенин кошумчалады.

"Эмне үчүн муну айтып жатам? Азыр эле: “Аа! Сурап жатышат, анда Маданият үйүн куралы” деп башталат. Мамкурулуш, акчаны жөн эле коротпогула», — деп кайрылды президент.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткенде 193,9 млн сомдук долбоор: 75 орундуу балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак аймактык башкармалыгында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы балдар ооруканасынын жалпы аянты 2 959,82 чарчы метрди түзөт. Долбоордун жалпы наркы 193 млн 965 миң 441 сом деп көрсөтүлгөн. Мекемеде УЗИ, ЭКГ, рентген

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте 11 көчөдө жол жана тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Бишкекте бир катар көчөлөрдө жолдорду, тротуарларды жана ирригациялык тармактарды оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү тилкелерде иштер бүткөрүлдү: • Клинск көчөсү — Кахов көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейин, 200 метр; • Левонев көчөсү — Айни көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, 750 метр; • "Алтын-Ордо"

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш тармагындагы бир катар кызматтар онлайн жеткиликтүү болду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары электрондук форматта жеткиликтүү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жарандар жана уюмдар тиешелүү маалыматтык системалар аркылуу арыздарын аралыктан тапшырып, алардын каралуу процессине көз салып, мамлекеттик органдарга барбастан керектүү документтерди ала алышат. Негизги маалыматтык системалар: • Мамлекеттик экспертиза департаменти – мамлекеттик

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

Кызыл-Жолдо 375 орундуу билим берүү мекемесинин курулушу башталды

13-августта Баткен шаарындагы Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында 375 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Мезгил кутучасын салуу аземине Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар