Бизнес маек
Байерлер Кыргызстанда канча киреше табышат? — байерликтин ыссык-суугун жакшы билген Сымбат Жолочиева менен маек
Учурда байер деген кесип актуалдуу болуп жаткан убагы. Ал байерлер кимдер менен кантип иштешет, канча киреше табышат деген сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн ИШКЕР MEDIA алты жылдан бери байерлик кесипти аркалап, колундагы телефону менен эле айына миллионго жакын акча айланткан, жаш балдардын саркеч кийимдерин саткан cocokids.kg интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана