акыркы жаңылыктар

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек. "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды.

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кызыктуулар

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытайдын калкы 2025-жылы азайып, калктын картайышы уланып жатканы Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун отчетунан маалым болду. 2025-жылдын аягына карата Кытайдын калкы 1 млрд 404,89 млн адамды түздү, бул 2024-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 3,39 млн адамга аз. Статистикага ылайык: * 2025-жылы 7,92 млн бала жарыкка келген, ал эми 2024-жылы

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Кыймылсыз мүлк

Кинематография департаменти өз балансындагы 10 кинотеатрды ижарага берүүгө даяр

Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жалпы кинотеатрлардын саны 37ни түзгөн, ал эми 2024-жылдан бери 20 кинотеатр ижарага берилген. "Эгер инвесторлор пайда болсо, биз Кинематография департаментинин карамагындагы

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

Коом

Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети былтыр 3 эсе өскөн

2025-жылы Кыргызстандагы улуттук кинематографиянын бюджети үч эсеге өсүп, 970 млн сомду түзгөнүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында маалым болду. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы бул тармакка 345 млн сом бөлүнгөн. 2025-жылы: * Кинематография департаменти тарабынан 4 көркөм фильм жана 1

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

Коом

ИИМ финансылык алдамчылыкка каршы күрөштү күчөтүүдө

КР ИИМнин киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен TSARKA Кыргызстан кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул долбоор калкты финансылык алдамчылардын курмандыгы болуудан коргоо максатында киргизилүүдө. Ага ылайык, атайын “Алданба” деген жазуусу бар ИИМ кызматкери чагылдырылган макет эл көп кездешкен жайлардагы банкоматтардын, төлөм терминалдарынын жанында жайгаштырылды. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын киберкылмыштуулук

Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Экономика

Салыктык эмес кирешелердин өсүшү 2025-жылдын бюджет профицитине таасир эткен

Кыргыз Республикасынын бюджети рекорддук профицит менен аткарылганын Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду (ЕФСР) тарабынан даярдалган 2025-жылдын декабрындагы докладда айтылат. Докладдын авторлорунун белгилешинче, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КР УБ) 2024-жыл үчүн алган 45,7 млрд сом өлчөмүндөгү таза кирешесинин республикалык бюджетке которулушу (бул ИДПнын 3,7%ын түзөт) 2025-жылдын январь–сентябрь

Кыргызстандагы эң төмөнкү орточо эмгек акы маданият тармагында

Экономика

Кыргызстандагы эң төмөнкү орточо эмгек акы маданият тармагында

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги экономика тармактары боюнча орточо эмгек акынын өлчөмүн билдирди. Мекеме Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, эң жогорку орточо айлык акы финансы секторунда — 67 121 сом экенин белгиледи. Өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр да дээрлик ушул деңгээлде — орточо эмгек акы 66 990 сомду түзөт. Транспорт тармагында кызматкерлер

Кыргызстанда 150 миң жаранга ПИН ката менен берилген

Коом

Кыргызстанда 150 миң жаранга ПИН ката менен берилген

Кыргызстанда болжол менен 150 миң жаранга персоналдык идентификациялык номер (ПИН) ката менен берилгенин мамлекеттик "Кызмат" мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

Кыргызстандан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү

Экономика

Кыргызстандан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөдү

Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргүзүлгөн ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төмөндөгөнүн маалымдады. Салык кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Эгерде бул субъекттер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, анда 2026-жылдын 1-январынан тартып

КРнын улуттук курама командасы (U20) хоккей боюнча Кытайлык оюнчуларды 4:1 эсебинде жеңип алышты

Коом

КРнын улуттук курама командасы (U20) хоккей боюнча Кытайлык оюнчуларды 4:1 эсебинде жеңип алышты

18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U20) чейинки спортсмендер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анын жүрүшүндө КРнын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешке чыгып, кыргызстандык хоккейчилер атаандашын 4:1 эсебинде ишенимдүү жеңип алышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Оюндун жыйынтыгынан кийин аталган

2025-жылы Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 800 млрд сомду түзгөн

Экономика

2025-жылы Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү дээрлик 800 млрд сомду түзгөн

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 799 млрд 740 млн сомду түзүп, кайра иштетүү тармактарында олуттуу өсүш катталды. Эң жогорку өсүү темпи фармацевтика тармагында байкалып, продукция чыгаруу көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге жогорулаган. Ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын

"Газпром Кыргызстан" газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн берүүнү эскертти

Энергетика

"Газпром Кыргызстан" газ эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн берүүнү эскертти

Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган айрым абоненттер газ эсептегичтеринин көрсөткүчтөрүн азыркыга чейин өткөрбөй жатышканын "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы маалымдады. Маалыматка ылайык, ар бир абонент табигый газды жеткирүү жана пайдалануу эрежелерине ылайык эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ай сайын өткөрүп турууга милдеттүү. Компания көрсөткүчтөр өзгөрбөсө да, аларды сөзсүз түрдө тапшыруу керектигин эскертет. "Эгерде