Экономика
Үч жыл бою үнөмдөө – Кыргызстанда 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү сунушталды
Энергетика министри Таалайбек Ибраев министрлер кабинетинин жыйынында Кыргызстанда үч жылдык мөөнөткө өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясы, кубаттуулуктар жетишсиз болууда. Ошол эле учурда азыртан чара көрүлбөсө, кризис күчөйт. Быйылкы жылы дефицит 3 млрд кВт саат болсо, 2026-жылга чейин 5-6 млрд кВт саатка чейин өсүшү мүмкүн. Буга