Түркия кыргызстандыктардын эмгек стажын пенсия эсептөөдө кошо баштады
Түркия эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык, ал жакта жашаган кыргызстандыктардын пенсиясын эсептөөдө Кыргызстанда иштеген эмгек стажын кошуп санай баштады. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун айтымы боюнча, Түркияга иштегени кеткен кыргызстандыктар келечекте ал жактан пенсия ала алышат. Бул укук Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы