Өкмөт эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган өндүрүш ишканаларды жандандырат

Өкмөт эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган өндүрүш ишканаларды жандандырат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев КР эгемендүүлүк алган жылдан бери Бишкек шаарындагы токтоп турган бир катар өндүрүш завод-фабрикаларды кайра жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Алгач Төрөбаев Бишкек эркин экономикалык аймагында жайгашкан сегиз жылдан бери токтоп турган «Кыргызпластик» ЖЧКга барып, ишкананын алдыга койгон пландары жана келечеги менен таанышты. Бул долбоорду каржылоону «Кыргызиндустрия» ААКсы камсыздайт. Мында канализация жана ичүүчү таза суу үчүн трубалар чыгарылат.

Андан соң «Бишкек штамптоочу заводу» (БМЗ) мамлекеттик ишканасынын аймагындагы "Кыргызбетонкурулуш" заводуна барды. Мында үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италиядан келген адистер жүргүзүүдө, аларды 1.5 айдын ичинде аягына чыгаруу пландалууда.

Ошондой эле «Би Кей Медикеар» медициналык буюмдарды чыгара турган ишкананын долбоору менен таанышып чыкты. Долбоордун стратегиялык максаты, ата мекендик медициналык буюмдарды өндүрүүнү камсыз кылуу жана орто мөөнөттүү келечекте ички рыноктун тиешелүү ордун ээлөө.

Өндүрүш ишканаларын жандандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышып чыккан Бакыт Төрөбаев, мамлекет эгемендүүлүк алган жылдан бери токтоп турган завод-фабрикаларды ишке киргизүү министрлер кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирип, долбоорлорду ишке ашырууга тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Түп районундагы билим берүү мекемесине 124 млн сом жумшалды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында 225 орундуу мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси жаңы окуу жылына толук даяр. Бул тууралуу Курулуш министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеменин курулушу 2024-жылы ноябрда башталган. Долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 124 миллион сомду түздү. Заманбап үлгүдөгү мектеп имаратынын