Фермерлерге 3 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
2023-жылдын 29-июнуна карата «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 млрд сомдон ашык насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3.3 млрд сом суммасын түзүүдө.
Долбоордун алкагында республиканын 6 миң 886 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 96.6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилген.