Коом
Оштогу мектептерге 12,4 млн сомго интерактивдүү панелдер тапшырылды
Бүгүн Ош шаарынын №41 Х.Абдуллаев жана №1 Федченко атындагы мектептерине Президент Садыр Жапаровдун атынан интерактивдүү панелдер тапшырылды. Жалпы наркы 12 миллион 400 миң сом болгон 62 даана интерактивдүү панель жеткирилди. Ош мэриясынын маалыматына ылайык, жабдууларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бул камкордуктун мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.