Aygerim Kachkynbekova

ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

Экономика

ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

11-декабрда Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйынга КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен министрдин орун басары Султан Ахматов катышты. Жолугушууда ЕАЭБдин стратегиялык документтерин ишке ашыруу маселелери,

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды

Бийлик

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусу жогорулатылды

Президент Садыр Жапаров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана анын ролун күчөтүүгө багытталган Жарлыкка кол койду. Жарлык инвестицияларды тартуу жаатындагы мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Ага ылайык, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы инвестициялык саясатка, инвестициялык долбоорлорго жана макулдашууларга байланышкан маселелер боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат.

Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Коом

Араван–Ак-Буура каналы реконструкцияланып жатат

Бүгүнкү күндө Араван–Ак-Буура ирригациялык системасынын суу жеткирүү инфраструктурасы этап-этабы менен жаңыланууда. Реконструкциянын алкагында суу алуучу курулмалар, магистралдык каналдар жана бөлүштүрүүчү тармактар оңдолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Араван–Ак-Буура каналынын жалпы узундугу 31,3 чакырымды түзүп, 21 918 гектар сугат аянтты суу менен камсыздайт. Анын ичинен 6

Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Коом

Россиядан Кыргызстанга 1 147 тоннага жакын гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынан 1 147 тоннага жакын гуманитардык азык-түлүк жардам жеткирилди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ВПП ООН) аркылуу акысыз негизде берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Байытылган буудай уну жана өсүмдүк майы ВПП ООН долбоорлоруна катышкан болжол менен 4 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө таратылат.

А.Касымалиев Москвада илим жана технологиялар конференциясына катышты

Бийлик

А.Касымалиев Москвада илим жана технологиялар конференциясына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы 12-декабрда Россиянын Москва шаарына жумуш сапары менен барып, илим жана технологиялар жаатындагы эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Сапардын алгачында Касымалиев ВДНХдагы “Атом” павильонундагы музей менен таанышып, атомдук энергиянын тарыхы, советтик атомдук долбоордун башталышынан бүгүнкү күнгө чейин жетишкендиктери тууралуу маалымат алды. Конференцияда

Кыргызстан жана Франция транспорт кызматташтыгын күчөтөт

Транспорт

Кыргызстан жана Франция транспорт кызматташтыгын күчөтөт

Бүгүн, 12-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Тараптар автомобиль жана темир жол куруу багытындагы кызматташууну талкуулап, ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү тууралуу маалымат алышты. Базаралиев министрлик мамлекеттик саясатты ишке ашырып,

Түркия Кыргызстанга 6 айда 100 млн доллар инвестиция салды

Экономика

Түркия Кыргызстанга 6 айда 100 млн доллар инвестиция салды

Ушул жылдын алты айында Түркиядан Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 100 млн долларга жакындады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев EkoAvrasya фонду тарабынан уюштурулган жолугушууда билдирди. Иш-чарага фонддун төрагасы Хикмет Эрен баштаган 40ка жакын түрк ишкери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Казакбаев Кыргызстандын инвестициялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, либералдуу салыктык режим,

Экономика министри Германия элчиси менен экономикалык кызматташууну талкуулады

Экономика

Экономика министри Германия элчиси менен экономикалык кызматташууну талкуулады

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 11-декабрда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын карап, биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл туризм багытын өнүктүрүүгө, ошондой

Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Коом

Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районундагы Пахтачылык станциясынын имаратынын ачылышында өлкөнүн реалдуу секторундагы иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Министрдин айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча 1 478 км жол курулуп жана капиталдык оңдолду, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки

Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Экономика

Кыргызстан–Түркия соода жүгүртүүсү 9 айда 1,2 млрд долларды түздү

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара Соода палатасынын (ATO) төрагасы Гүрсел Баран менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы туруктуу өсүп жатканын баса белгилешти. TÜİK расмий маалыматтары боюнча, 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүсү 1,2 млрд долларга жеткен. Жолугушууда элчи Казакбаев

Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Коом

Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды

Бишкекте туристтик тармак үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо мамлекеттик системасы (ЖКМС) боюнча алгачкы эксперттерди даярдоо программасы аяктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Окутуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду. Программага тандалып алынган 17 катышуучу мейманканаларды, конок үйлөрдү

Кыргызстан менен Түркия жашыл энергетика тармагында кызматташат

Энергетика

Кыргызстан менен Түркия жашыл энергетика тармагында кызматташат

9-декабрда КРнын энергетика министри Таалайбек Ибраев Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушту. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу энергетика кызматташтыгы, ири долбоорлорду ишке ашыруу жана бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын катарында: * Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда ишке