Айыл чарба министрлигинде дароо 2 орун басар кызматтан бошоду

Айыл чарба министрлигинде дароо 2 орун басар кызматтан бошоду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Ошондой эле министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары, министр Э.А. Акунбековдун сунушу менен Айбек Шаменов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти