Сокулукта 750 орундуу жаңы мектептин корпусу курулуп жатат

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектептин корпусу курулуп жатат

7-8-март күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен бирге Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алардын бири Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу жаңы окуу корпусу. Башкы планга ылайык, мектеп 3 кабаттуу имарат болуп курулуп, 1500 окуучуну кабыл алууга ылайыкталган. Учурда курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Министр объектти кыдыруу учурунда курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди белгиленген графиктен кечиктирбөөнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти