Өткөн жылы экологияны булгагандардан 973 млн сом өндүрүлгөн

Өткөн жылы экологияны булгагандардан 973 млн сом өндүрүлгөн

2025-жылы курчап турган чөйрөнү булгагандардан 973 млн 350 миң сом каражат жыйналды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.

Анын айтымында, каражаттарды жыйноо планы 199,8%га аткарылып, белгиленген көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп каражат түшкөн.

Топтолгон каражаттар министрликтин атайын эсебине которулуп, материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталган. Анын алкагында Бишкек, Чолпон-Ата жана Талас шаарларындагы административдик имараттар оңдоп-түзөөдөн өттү.

Ошондой эле Ысык-Көлдө жаныбарларды реабилитациялоо борборунун курулушу башталып, министрлик үчүн 38 кызматтык унаа жана 4 моторлуу кайык сатып алынган.

Мындан тышкары, браконьерликке жана экологиялык мыйзам бузууларга каршы күрөштү күчөтүү максатында фототузактар, дрондор, видеофиксаторлор, кесипкөй дүрбүлөр, GPS-навигаторлор жана башка керектүү техникалар алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен