Бишкекте 12-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 12-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

12-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

  • Достоевский көчөсү – Анкара көчөсү – Ауэзов көчөсү – темир жол аралыгы;
  • Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштары.
Маалыматка караганда, өчүрүү "Контррезервуар" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

"Бишкексууканал" ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарынан жана мекемелерден ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Ошондой эле тургундарга "Менин шаарым" тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу маалыматтарды алып турууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

Жалал-Абад облусунда жолдор сел калдыктарынан тазаланды

22-июнда Жол тейлөө ишканалары тарабынан селдин кесепеттерин ыкчам жоюу жана унаа жолдорун калыбына келтирүү иштери өз убагында аткарылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, Ленин – Жол – Казар – Мазар – Сере унаа жолунун 10–10,3-чакырымдарында селден кийин жол тазаланып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Маданият – Майлуу-Суу унаа жолунун

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

“Ала-Тоо Резорт” долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүлдү

Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылындагы В1 жана В2 асма аркан жолдорунун техникалык ачылышынын алдында “Ала-Тоо Резорт” жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин ишке ашыруу боюнча көчмө кеңешме өттү. Маалыматка ылайык, кеңешме президенттик администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы алдында өттү. Жыйынга долбоорду ишке ашырууга катышкан негизги министрликтердин

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

22-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги орчундуу багыттар боюнча кеңири пикир алышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең