Бишкекте 20 жаңы мектеп: министр курулуш жүрүп жаткан объекттерди текшерди

Бишкекте 20 жаңы мектеп: министр курулуш жүрүп жаткан объекттерди текшерди

Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин бүгүнкү кундөгү этабы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр Бишкек шаарындагы  эки райондо курулуп жаткан социалдык объектилерди толук кыдырып чыкты. Алар:

Октябрь району:

• Көк-Жар конушунун Көк-Жар көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу
• Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегиндеги 750 орундуу жаңы мектеп
• №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектепке 600 орундуу кошумча окуу корпусу
• Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп
• Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1 дарегиндеги №91 орто мектебине 750 орундуу кошумча корпус
• Көк-Жар айылынын Алапаев 1/1 дареги боюнча 750 орундуу жаңы мектеп 

Ленин району:

• Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектебине 380 орундуу кошумча корпус
• Кашка-Баш айылындагы №84 мектептин өзүнчө 750 орундуу окуу корпусу
• Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп
• Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус
• Жал кичи району 23 дарегиндеги №72 мектепке 750 орундуу кошумча корпус
• Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү 75 дарегиндеги №79 мектепке 1200 орундуу кошумча корпус

Министр объекттердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишин бүтүрбөй жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ал курулушту тездетүү, куруучулардын санын көбөйтүү жана иштин сапатына көңүл буруу боюнча талаптарды койду.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүүдө: Октябрь районунда – 6, Ленин районунда – 6, Биринчи май районунда – 5, Свердлов районунда – 3 объект.

Курулуштар республикалык бюджеттен каржыланып, министрлик тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен