Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды
Инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Германияга болгон иш сапарынын алкагында Бавария федералдык мамлекетинин административдик борбору Мюнхен шаарынын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мюнхен жана Жогорку Бавариянын Соода-өнөр жай палатасынын аткаруучу директору, Бавариянын Азык-түлүк, айыл чарба жана токой чарба министрлигинин департаментинин директору