«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды

Сауд Арабиялык инвесторлорго жети ири перспективдүү долбоорлор сунушталды. Кечээ, 29-ноябрда, Сауд Арабиясынан келген бизнесмендердин иш сапарынын алкагында аталган долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерде иш-чаралар өткөрүлдү, деп билдирди Инвестиция агенттиги.

Алсак, иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Kyrgyz Wind System компаниясынын кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын куруу боюнча өлкөнүн биринчи долбоору көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, «Дордой-Балыкчы» ЖЧКсынын бир өндүрүш нөөмөтүндө 100 баш чоң малды жана 1000 баш майда малды соё ала турган эт комбинаты көрсөтүлдү. Ал жакынкы үч айда ачылып, Перс булуңундагы өлкөлөргө эт экспорттоо пландалып жатат.

Ошондой эле жумушчу топ МЖӨ механизми аркылуу ишке ашыруу пландалып жаткан «Бишкек Солар» ЖЧКсынын күн электр станциясын куруу долбоору менен таанышты. Андан кийин халал стандарттары боюнча курула турган «Керемет Резорт» курорттук эс алуу борборунун долбоору сунушталды. Инвестициялардын керектүү көлөмү 8 млн доллар, каралып жаткан аянт 6 гектарды түзөт.

Делегация ошондой эле «Экологиялык таза “Асман” шаары» курулуш долбоорунун чоо-жайы менен таанышты. Эске салсак, долбоорго ылайык, шаар Ысык-Көлдүн жээгиндеги 4 миң гектар жерге курулуп, үстүнөн көз чаптырганда улуттук музыкалык аспап – комузду элестетет.

Андан ары гольф клубун куруу долбоору сунушталды. Ал арада экинчи топ Сауд Арабиясынын алдыңкы энергетикалык компаниясы Aqua Power менен биргеликте Токтогул ГЭСине барып, Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушу жүрүп жаткан жерди көрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды

Ош шаарынын күнүнө карата Төлөйкөн айылында улуттук оюн көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогуна арналган мелдеш старт алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, мелдешке Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат, Алай жана Ош шаарынан жалпы 7 команда катышып, ат үстүндөгү чеберчилигин көрсөтүүдө. Улуттук спортту өнүктүрүүгө жана жаштарды спортко тартууга багытталган турнирдин

Ишкер Media
"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media