Кытай Кыргызстандын суусун Европага жөнөтүүгө кызыкдар
Кытай Кыргызстандан Европага ичүүчү суу жөнөтүү каалоосун билдирди. Бул тууралуу минкабдын жетекчиси Акылбек Жапаров менен Qingdao Laoshan компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Данын жолугушуусунда белгилүү болгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кызматташуунун түрдүү варианттарын талкуулашты. КРнын министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн суу ресурстарынын ишке ашпай жаткан потенциалын белгилеп,