Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Министрлер кабинети Чүй облусундагы жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай багытындагы жерлер категориясына өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 2-февралында кол коюлган.

Сөз Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги 10 гектар кайрак айдоо жери тууралуу болуп жатат.

Жер тилкеси тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары үчүн пластик буюмдарын чыгаруучу завод куруу максатында өнөр жай жерлери категориясына өткөрүлдү.

Документке ылайык, Москва райондук мамлекеттик администрациясы шаар куруу документациясын иштеп чыгып, бекитүүнү, жер-кадастрдык материалдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана жер тилкесинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш. Мындан тышкары, айыл чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн компенсация төлөө, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды, сейсмикага каршы талаптарды жана суу агызуу чараларын сактоо каралган.

Токтомдо ошондой эле мүмкүн болгон тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо талаптары жана жер тилкеси пайдаланылбай калган же максатсыз колдонулган учурда аны кайра алуу мүмкүнчүлүгү белгиленген.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 9 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Манас шаарынын энергетикалык кубаттуулугу 25 МВАга жогорулайт

Өлкөдө энергетика тармагында масштабдуу жаңылануу жүрүүдө. Союз тарагандан бери оңдоодон өтпөгөн аба чубалгылары жаңыртылып, тармактардын кубаттуулугу жогорулатылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Манас шаарында 2025-жылы 2700дөн ашуун, 2026-жылдын 5 айында 1254 жаңы абонент кошулган. Жыл аягына чейин дагы 4000 абонентти кошуу пландалууда. Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен шаарда

Ишкер Media
ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

ЖК салык маселелерине байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Бүгүн, ЖКтин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырып, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана

Ишкер Media
Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

Бишкекте айыл чарба көргөзмө-жарманкеси болот

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара саат 10:00дөн 17:00гө чейин уюштурулуп, айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына

Ишкер Media
Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы БУУнун 15-конгрессине катышууда

Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтүп жаткан БУУнун кылмыштуулукту алдын алуу жана кылмыш-жаза адилеттүүлүгү боюнча 15-конгрессине катышууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, делегация курамында юстиция министри Алмаз Айылчиев, Башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бар. Жогорку деңгээлдеги сегментте Кыргызстандын

Ишкер Media