Ишкер Media

Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Коом

Жаңы жыл алдында өлкө жолдорунда көзөмөл гана эмес, көңүл буруу да болууда

Бүгүн КРнын ИИМ тарабынан майрамдык маанайдагы, адаттан тышкаркы көрүнүш сунушталып жатат. ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, тартип сакчылар Аяз ата жана Аяз кыз менен биргеликте унааларды текшерүү үчүн эмес, келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап тототушууда. Токтогон айдоочуларга жагымдуу белектер берилип, каалоо-тилектер айтылууда. Мындай жакшы маанай Бишкек шаарынын борбордук аянтында

2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү

Экономика

2025-жылы пайдаланууга берилген объектилердин саны 32,7 пайызга өстү

2025-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыл жыйынтыгы менен өлкө боюнча 3,4 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. 2024-жылы бул көрсөткүч 2,027 млн чарчы метрди түзгөн. Республика боюнча жалпы 1905 объект пайдаланууга берилди. 2024-жылдагы 1435 объектке салыштырмалуу

Бишкек ЖЭБ күчөтүлгөн иштөө режимине өттү

Коом

Бишкек ЖЭБ күчөтүлгөн иштөө режимине өттү

Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жылытуу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн электр станциясынын авариялык бригадалары күнү-түнү даярдыкта турушат. Жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн негизги жана көмөкчү жабдууларды көзөмөлдөө күчөтүлдү, жооптуу

ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге өстү

Банктар

ELQR системасы аркылуу операциялардын саны 54,5 эсеге өстү

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2025-жылдагы Улуттук банктын ишмердүүлүгү, жетишкен жаңычылыктар жана алдыга койгон пландар тууралуу бөлүштү. КРУБ төрагасы 2025-жыл Кыргызстандагы жалпы каржы тутуму үчүн мазмундуу жана абдан маанилүү жыл болгондугун белгилеп, жарандын кызыкчылыгына түздөн-түз таасир эткен чечимдер чыгарылгандыгын билдирди.    “2025-жылы ар башка банктардагы эсептер ортосундагы которуулар үчүн комиссияларды

Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Экономика

Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Кыргызстан ноябрь айында мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингдеги позициясын жакшыртканын Speedtest Global Index мониторингинин маалыматтарында айтылат. Ошол эле учурда, белгиленгендей, өлкө туруктуу кең тилкелүү интернет сегментинде бир аз артка жылган. 2025-жылдын күз айларынын акыркысы — ноябрдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы жагынан 72-орунду ээлеп, рейтингде дароо

Н.Орунтаев Кара-Суудагы архитектура башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Коом

Н.Орунтаев Кара-Суудагы архитектура башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Бүгүн, 30-декабрда Кара-Суу шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Ош облусунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага министр Нурдан Орунтаев, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана тармактын кызматкерлери катышты. Курулуш министри куттуктоо сөзүн айтып, тармактын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?

Салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект киргизилеби?

Кыргызстанда 2026-жылдан тартып салыктык текшерүүлөргө жасалма интеллект (ЖИ) киргизилерин "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, акыркы төрт жылдын ичинде мекеме салык отчетторунун бардык түрлөрүн санариптештирип, cabinet.salyk.kg платформасы жана Salyk мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке киргизген. 2025-жылы иштеп чыгуучулар системага "Кезет" аттуу

Бишкек шаарынын мэриясы муктаждарга гуманитардык жардам көрсөттү

Коом

Бишкек шаарынын мэриясы муктаждарга гуманитардык жардам көрсөттү

Жаңы жылды утурлап, Бишкек шаарынын  мэриясы "Акун" ЖАК менен биргеликте социалдык жактан аялуу тургундарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Шаар мэриясынын жана ага караштуу административдик райондордун жардамы менен гуманитардык жардам борбор калаанын төрт районуна таратылды. Азык-түлүк баштыктары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип, ал жерден ар бир

Кыргызстандык эмгек мигранттарына 11 айда 34,3 млн сом өндүрүлүп берилген

Экономика

Кыргызстандык эмгек мигранттарына 11 айда 34,3 млн сом өндүрүлүп берилген

Россиядагы Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын 376 жаранына жалпы 34,3 миллион рублди эмгек акысын өндүрүп алууга көмөк көрсөткөн. Мындан тышкары, мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 10 жаран иш берүүчүлөрдөн өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 15,9 миллион рубль өлчөмүндө

“Достук” бекетине 45 метрлик флагшток орнотулду

Коом

“Достук” бекетине 45 метрлик флагшток орнотулду

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” көзөмөл-өткөрүү бекетине жакын аймакка 45 метрлик флагшток орнотулду. Ошондой эле бекеттин айланасында заманбап эс алуу жайы курулуп, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди. Мэриядан билдиришкендей, бул долбоор чек ара аймагын көрктөндүрүү жана жергиликтүү тургундар менен саякатчылар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы

Быйыл 11 айда 1,1 млн жаранга салыктык кызмат көрсөтүлгөн

Экономика

Быйыл 11 айда 1,1 млн жаранга салыктык кызмат көрсөтүлгөн

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында 1,1 млн салык төлөөчүгө салыктык кызматтарды көрсөткөн болсо, анын ичинен 529,8 миң салык төлөөчүгө кызматтар онлайн түрдө, ал эми 631,7 миң салык төлөөчүгө офлайн режимде көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, 370,4 миң салык төлөөчү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же

Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту бруцеллёзго каршы иш-чараларды күчөтөт

Экономика

Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту бруцеллёзго каршы иш-чараларды күчөтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институту ылаңына каршы лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, профилактикалык чараларды ишке ашырып жатат. Институт тарабынан бруцеллёздун алдын алуу жана жайылышын чектөө максатында мал чарба субъекттерине, ошондой